Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-суулук 2 жаш спортчу кикбоксинг боюнча дүйнөлүк мелдеште жеңишке жетишкен (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарынын №5 орто мектебинин 10-классынын окуучулары Калматов Алишер жана Урматбек уулу Улукбек спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып, эл аралык мелдештерде жеңиштерди багындырып келишет. Бул тууралуу алардын машыктыруучусу Бекназар Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, жаш спортчулар 2016-жылы Казакстанда өткөн дүйнөлүк чемпионатта жеңиш менен кайтып келишкен.

«Мен 2001-жылдан бери спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып, эл аралык мелдештерде көптөгөн ийгиликтерге жетишкем. 2012-жылдан бери Майлуу-Суу шаарында фитнес клубдун биринде инструктор жана кикбоксинг боюнча машыктыруучу болуп иштейм. Биздин машыгуу залда кикбоксинг менен 3 топ машыгат. Биринчи топто 30 студент, экинчи топто 20 окуучу, ал эми 3 топто 15 кыз машыгат. Бул спортчулардын арасында №5 орто мектептин 10-классында окуган Калматов Алишер менен Урматбек уулу Улукбек да бар. Алар Кыргызстандын ичинде болуп өткөн мелдештерге жана Казакстанда 2016-жылы өткөн дүйнөлүк чемпионатта жеңиш менен кайтып келишкен. Эми быйыл Россиянын Анапа шаарында өспүрүмдөр арасында өтө турган дүйнөлүк мелдешке катышуу үчүн даярданып жатабыз», - дейт Б.Жаныбеков.

Ал эми жаш спортчулар спортто гана эмес, мектепте дагы жакшы окушарын алардын класс жетекчиси билдирди.

«Алишер менен Улукбек башка окуучуларга спорт жагынан жана билим жагынан да үлгү болуп, мектептин аброюн көтөрүп келе жатышат. Алар мектептеги коомдук иштерге активдүү катышып турушат. Экөө тең келечекте дүйнө чемпиону болууну максат кылышат», - деди класс жетекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 509
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×