Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Чаткалдын Каныш-Кыя айылындагы бала бакча 1 айдын ичинде ишке киргизилет, - айыл өкмөт башчы (фото)

Turmush -  Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы 75 орундуу бала бакчанын курулушу токтоп калды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, бала бакча ишке кирет деп айтылган мөөнөтүнөн өтүп кетти.

Ал эми Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Жолдошовдун айтымында, бала бакча 1 айдын аралыгында пайдаланууга берилет.

«Каныш-Кыя айылындагы бала бакчанын курулушу токтогон жок. Азыр сырткы жасалгалары жасалып жатат. 1 ай аралыгында ал пайдаланууга берилет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 397
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×