Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ош—Бишкек жолунда жүк ташуучу унаа менен «Жигули» кагышты (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун 541-чакырымында эки унаанын катышуусундагы жол кырсыктан жаракат алган айдоочу ооруканага жеткирилди.

Жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдирген маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Абдраимов айылында 23-сентябрда саат 17:10 чамасында «Мерседес-Бенц Спринтер» менен «Жигули» унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен жаракат алган жеңил унаанын айдоочусу Базар-Коргон райондук ооруканасында дарыланып жатат. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алган эмес.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1318
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×