Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Кайналыны кургатып сатуу кирешелүү, - ала-букалык С.Эгембердиева (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Сафет-Булан айылынын 65 жаштагы тургуну Сабира Эгембердиева учурда кайналынын түшүмүн жыйнап, сатуу менен алектенүүдө.

С.Эгембердиеванын айтымында, ал сезон башталгандан бери 500 килограммга жакын кайналы терип, аны дүң баада саткан. Эми дагы 1,5 тоннадай түшүм алууну пландап жатат.

«Үйдө эки неберем жана жолдошум болуп турабыз. Жолдошум кечке талаа иштери менен алек. 1,5 гектар үлүш жерибизге картөшкө, пияз, жүгөрү жана буудай эккенбиз. Мен үйдө эки неберем менен кара өрүк терем. Короодогу кайналыны 8 жыл мурун жолдошум эккен. Азыр түшүм берип калды. Учурда 500 кг чейин терип, килограммын 20 сомдон сатууга жетиштик. Дагы 1,5 тоннадай түшүм алууну пландап жатабыз. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк жакшы», - деди ал.

Ал кайналыны кургатып сатуу кирешелүү экенин белгиледи.

«Кайналыны терип саткандан көрө кагы бир топ кирешелүү. Былтыр жасаган 20 кг кайналы какты кышында базарга алып чыгып, килограммын 100 сомго чейин саттым. Быйыл да сатууну пландап жатам», - деди С.Эгембердиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 894
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×