Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Гүлзарлуу мектеп»: Башкалардан өзгөчөлөнгөн Токтогулдун Толук айылындагы мектеп (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Толук айылында М.Бекболотов атындагы орто мектепти мугалимдер жамааты өзгөчө гүл бакчалуу мектепке айлантышты.

Мектеп директору Жолдошбек Акимжановдун айтымында, мугалимдердин жана окуучулардын колдоосу менен жазында мектеп айланасына 3000ден ашык роза гүлүнүн көчөттөрү отургузулган. Учурда мектептин айланасы кооз гүлзарга айланып турган учур.

Деңиз деңгээлинен 1400 метр бийиктикте жайгашкан бул айылда кыш мезгили 5 айдан ашык убакытка созулат. Мектептин муктаждыктарын чечүү максатында көмөкчү чарбаны алдыңкылардан болуп уюштурушкан.

«Кошумча киреше табуу максатында 150 түп эрте түшүм берүүчү 15 түрлүү алма сортун отургузуп өстүрүп жатабыз. Бул бактан өз убагында көп түшүм алууга жетишип, мектептин чыгымдарын жабууга колдонулат. Ал эми мектептин айланасындагы гүл зарлар мектеп окуучуларынын, мугалимдеринин жана мектепке келген коноктордун маанайын көтөрүүгө жетишип, жагымдуу манаай тартуулайт. Бул болсо өз убагында билим сапатын жогорулатууга түрткү болот», - дейт директор Ж.Акимбаев.

Буга чейин аталган мектепке видеокамералар орнотулгандыгы маалымдалган. Камера баардык класстарга, спорт залга, мектептин коридорлоруна жана мектептин короосуна, оюн аянтчаларына орнотулган.

«Бул мектепке 2007-жылдан бери жетекчи болуп иштеп келе жатам. 2010-жылы жаңы мектептин курулушу башталып, мамлекеттик каражаттын эсебинен жеңил конструкция менен бардык шарттары каралып салынган. Ушул тапта окуучулар жана мугалимдер, ата-энелер мектепке киргенде бут кийимдерин атайын чечүүчү жерге чечип, үйдүн ичине кийилүүчү бут кийим кийишет. Мектепте жылуу пол аркылуу жылытуу системасы орнотулган. Мындан сырткары ар бир класстарда кол жуу үчүн суу чыгарылган. Учурда мектепте 400 окуучу билим алууда. Мектеп өзү 270 окуучуга ылайыкташкан», - деди директор.

Ал белгилегендей, мектептин ички жасалгасын жасоодо ардагер мугалимдердин жана ата-энелердин демөөрчүлүгү менен стенддер жасалган. Мындан сырткары, ар бир класска демөөрчүлөр тарабынан сыналгы, DVD алынган.

«Бул жумуштардын баарын эмгек жамаат менен кеңешип, айыл өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырып келебиз. Бул жылы мектепке камера орнотууну пландап, ага жараша аракетибизди көрүп, минтип ишке ашырып отурабыз. Мектептин көмөкчү чарбасын да түзгөнбүз. Бул чарбадан түшкөн каражаттарды мектептин керектөөсүнө, мугалимдерди, мыкты окуучуларды сыйлоо үчүн уюштурулган жылына бир берилүүчү стипендияларга жумшайбыз.

Мындан сырткары, тоголок жана жарым жетим окуучулардын керектүү кийимдерин алып беребиз. Окуучулардын предметтик жана спорттук олимпиадаларга баруудагы жол кирелерин төлөп беребиз. Бул жылкы долбоорубузга акчаны көмөкчү чарбадан жана айыл өкмөттүн жардамы менен таап ишке ашырып алдык.

Жаңы орнотулган камералар мугалимдердин сапаттуу билим берүүсүнө түрткү болсо, окуучулардын бейбаштыгын азайтууга жана мектептин жалпы коопсуздугун сактоого жардам берет», - деди Ж.Акимжанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1085
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×