Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Торонун боз үйү республикалык сынакты утту

Turmush -  Тогуз-Торо районунун боз үйү республикалык боз үйлөрдүн сынагында байгелүү 3-орунду ээлеп, 50 миң сом менен сыйланды. Бул тууралуу акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги Улуттук филармониянын алдына тигилген боз үйлөрдүн сынагына Жалал-Абад облусунан үч боз үй катышкан. Сынакта 3-орунду ээлеген тогуз-торолуктардын боз үйүн райондун маданият үйүнүн кызматкери, режиссер Сүйүн Чолпонкулова тиккен.

Боз үйлөрдүн республикалык кароо-сынагын быйылкы Адеп, ыйман жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өткөрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 672
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×