Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Токтогулда бийиктиги 20 метрге жете турган павловния дарагы өстүрүлүп баштады

Turmush -  Токтогул шаарында павловния дарагы өстүрүлүп баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургун Болот Батырканов билдирди.

Анын айтымында, павловния абдан кооз, аз убакыттын ичинде (5-6 жыл аралыгында) бийиктиги 15-20 метрге жете турган дарак. Жогорку сапаттагы чирибес жыгач болгондуктан кымбат баалуу эмеректерге кеңири колдонсо болот. Экологиялык жактан өтө маанилүү, дарак гүлдөгөн учурда көп бал ширесин бөлүп чыгарат. Тез арада айлана-чөйрөнү жашылдандырып, көрктөндүргөндүктөн кооздук үчүн шаарды жашылдандыруу үчүн дагы колдонсо болот. Өзгөчө эс алуучу жайларга кайталангыс кооздук бере алат.

«Бул дарак 1 жылда 3 метрден 5 метр бийиктикке чейин өсүп, жетиле алат. Бир даракты пайдаланууга жараган соң 8-9 жолу түбүнөн кыркып пайдаланса болот. Кыркылган дарактын түбүнөн башка дарак өсүп чыгып, жер астында калган тамыры аркылуу кайра тез арада өсүүгө аракет кыла баштайт. Мындай дарак 100 жылга чейин өзүнүн кооздугу менен айлана-чөйрөнүн көркүн ачып, элдин маанайын көтөрүп турат. Ал эми жалбырактын диаметри 70 сантиметрге чейин өсөт. Абадагы чаңды тез ылдамдыкта тазалап, кычкылтек чыгарышы боюнча «кислород фабрикасы» деген атка конуп келет. Бул өз учурунда экологияга чоң салым кошот. Мындан сырткары, тез өсүп жетилиши менен шамалдан тосконго жана жерди эрозиядан сактаганга чоң жардам кылат», - дейт ал.

Б.Батырканов белгилегендей, павлониянын жыпар жытту, бажырайган чоң гүлдөрү шекер ширесине бай келет.

«Алардан алынган бал тунук, ачык түстүү жана жагымдуу жыты болот. Мындай балдын дарылык касиеттери көп , өзгөчө өпкө, ашказан ооруларына пайдалуу. Павловнияны өстүрүү кыйын деле эмес, ал жер тандабаган өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Мен бул даракты өстүрүү боюнча Бишкек шаарындагы адистерден багыт алдым. Андан соң, дарактын көчөтүн алып келип, Токтогул шаарынын чет жагындагы кайрак жерге өстүрүп баштадым. Бул даракты малдан сактоо үчүн атайын тосуп, сугат суу келгиче унаа менен суу ташып сугарып турдум. Бул жылы 1 гектар жерге дарактын 900 түп көчөтүн өстүрүп алдык.

Бул дарактын өсүшүнө кызыккандар абдан көп болууда. Буюрса өстүрүп, дагы көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бул даракты өстүрүп алсак келечекте экономикалык киреше табууга чоң мүмкүнчүлүк бар. Аны өнүккөн өлкөлөрдө кайык жасоо, музыкалык аспаптарды, үй эмеректерин, жалюзи жана башка көптөгөн буюмдарды жасоо үчүн колдонушат. Мындан сырткары, отун катары колдонсо көмүр сыяктуу табы күчтүү болуп, жылуулукту жакшы сактайт. Бул павловния дарагынын плантациялары Россия, Өзбекстан мамлекеттеринде ири көлөмдө өстүрүүнү акыркы мезгилде активдүү колго алып келүүдө. Биз дагы буюрса аракеттерди көрүшүбүз керек деп эсептейм», - деп жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3677
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×