Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Фото - Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында дагы бир өткөрүү пункту ачылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан «Баймак» көзөмөл-өткөрүү пункту эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин чек арадагы «Баймак» көзөмөл-өткөрүү пункту кыргыз тараптан ачылганы менен өзбек тарап техникалык оңдоого байланыштуу убактылуу жаап турууну суранган.

«19-сентябрдан тарта «Баймак» жана «Касан-Сай» өткөрүү пунктары эки тараптуу ачылып, толук иштей баштады. Анын ачылышына Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары Бектур Сагынбаев жана Касан-Сай районунун акими Жавлонбек Юлдашевдер катышты. Өзбек тарап «Касан-Сай» бекетинен кыргыз тараптан баргандарды гүл жана концерттик программалар менен жылуу тосуп алышты», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалымдалгандай, 6-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук»/«Дустлик» көзөмөл-өткөрүү пунктунун расмий ачылышы болгон. Ачылышка 1 миңге жакын адам чогулуп, алгач кыргызстандык таланттар тарабынан концерттик программа тартууланган. Ош шаарына жакын жайгашкан көзөмөл пункттун ачылышына Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Искендер Матраимов, Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана башка бийлик өкүлдөрү, ошондой эле, Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү катышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1371
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×