Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда футбол, волейбол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчү команда 60 миң сом менен сыйланды (фото)

Turmush -  Аксы районунда футбол, волейбол боюнча мелдеш өтүп, жеңген командаларга 60 миң сомдон сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу Кербен шаарынын мэри Нармат Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш райондун өнүгүшүнө салым кошкон А.Арстанбаевдин жаркын элесине арналды.

«Мелдешке айыл өкмөттөрдөн түзүлгөн 20дан ашуун команда катышып, жеңүүчү командалар сыйланды. Волейбол боюнча мелдеште 1-орунду багынткан «Кербен» курама командасы 60 миң сом, 2-орунду ээлеген «Кара-Жыгач» курама командасы 40 миң сом, 3-орунду алган «Жерге-Тал» курама командасы 20 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ал эми футбол боюнча мелдеште жеңишке жеткен «Кербен» командасы 40 миң сом, 2-орунду алган команда 20 миң сом жана 3-орунду ээлеген «Кызыл-Жар» командасы 10 миң сом менен сыйланды. Мындан сырткары, жакшы оюн көрсөткөн спортчуларга сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 585
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×