Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Тогуз-Торонун торгойлору Бишкекте «сайрашат»

Turmush -  Тогуз-Торо районунда Бишкекте өтүүчү иши-чараларга маданий эки программа даярдалууда. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева кабарлады.

Анын билдиришинче, тогуз-торолук курагы 60 жаштан ашкан 10 эне борборго жөнөп кетишти. Алар «Шайыр апалар» программасы үчүн 2 номур аткарышат. Ал эми, райондун шайырларынын экинчи программасы «Тогуз-Торо торгойлору» деп аталат. Бир жарым сааттык бул программага райондун намысын талашып, буга чейин сармерден оюнунда өз өнөрлөрүн тартуулашкан кыз-жигиттер, чыгармачыл адамдар катышат.

«Тогуз-Торо торгойлору» иш-чарасы быйылкы Адеп, ыйман жана маданият жылына байланыштуу уюштурула турган болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 452
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×