Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондун тургуну тууганын өлтүрдү деп шектелип жатат

Turmush -  Базар-Коргон районунда тууганын өлтүрүүгө шектелип 54 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-сентябрь күнү милиция бөлүмүнө болжол менен саат 10:30 чамасында Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Көк-Тоңду айылындагы үйлөрдүн биринде киши колдуу болуп өлгөн адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, каза болгон адам 43 жаштагы Н.Ж. экенин аныкташкан.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголгон. Милиция кызматкерлери оор кылмыштын изин суутпай, ушул эле айылдын 54 жаштагы К.Ж. аттуу жашоочусун кармашкан. Кармалган адам мурда соттолгону аныкталган. Тергөө учурунда өлгөн адам менен кылмышка шектүү жаран тууган экендиги белгилүү болду. Экөө мас абалда болгондуктан алардын ортосунда чыр-чатак чыгып, К.Ж. 43 жаштагы Н.Ж.ны өлтүргөн.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 828
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×