Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абад шаарында 20 жаштагы М.Елдашова менен 18 жаштагы М.Оморалиев изделип жатат

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 20 жаштагы тургуну Елдашова Машхурхон Сражидиновна менен 18 жаштагы Оморалиев Нурмухамед Калилович изделип жатат.

Жалал-Абад ШИИБдин билдирүүсү боюнча, Машхурхон Елдашова 2017-жылы 5-сентябрь күнү саат 9:00 чамасында Достук кичи районунун Өмүрзаков көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 160-165 см чамалуу, чачы жана көзү кара, арыкчырай. Машхурохон Елдашова тууралуу маалыматы барларды Жалал-Абад ШИИБге 102 кызматы, (03722) 7-28-31, 7-03-44, (0772) 28-49-32, (0772) 85-84-83 жана (0771) 55-55-39 телефон номурлары аркылуу билдирип коюуну өтүнүшөт.

Ошондой эле, 2017-жылы 28-август күнү саат 20:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңижок көчөсүндө жашаган Оморалиев Нурмухамед Калилович (1999-жылы туулган) үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу апасы Жалал-Абад ШИИБге билдирген.

Белгилери: бою 160-165 см чамалуу, салмагы 66-60 кг, ак жуумал, чачы кыска жана кара. Башында тырык, оң көзүнүн капталында кара калы бар. Кийген кийимдери: кара-сары жеңи жок көйнөк, көк түстөгү чолок шым, бут кийим.

Оморалиев Нурмухамед тууралуу билгендер 102 кызматына же (3722) 5 28 31 номуру аркылуу маалымат берсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1017
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×