Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Айыл турмушу: Россияда иштеп тапкан акчаны өз айылыңда деле тапса болот, - ала-букалык дыйкан (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынын 45 жаштагы тургуну Элдар Нурматов 8 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип, киреше табат. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Э.Нурматовдун айтымында, быйыл ал жалпы 12 гектар жерге картөшкө, пияз, сабиз, ашкабак, помидор жана башка ушул сыяктуу жашылча-жемиштерди эгип, түшүмүн сатыкка алып чыкты. Мындан тышкары, алманын бир нече сортун жана шабдаалы, мистенин түшүмүн сатыкка чыгарат.

«Акыркы 7-8 жылдан бери дыйканчылыкка өзгөчө маани берип калдым. Буга чейин Россияга барып иштеп келдим. Ал жакта иштеп, жакшы акча тапса болот. Бирок үй-бүлөдөн алыс болуп калган жаман экен. Ошол себептен Россиядан келип, жер иштетип, дыйканчылык кылып баштадым. Биринчи жылы 1 гектар жерге картөшкө эгип көрүп, кеч күздө түшүм алганда абдан кубандым. Кийин аны сатыкка чыгарып, акчасы колума тийгенде Россиядагы акчаны ушул жерден деле тапса боло турганына дагы бир ирет ынандым. Кийинки жылы жердин аянтын көбөйтүп, жашылча-жемиштерди көбүрөөк өстүрүп баштадым.

Быйыл бир тууган иним экөөбүз жалпы 12 гектар жер иштеттик. Ошондой эле, Өзбекстандан ашкабактын өзгөчө сортун алып келип эктим. Ал дагы өз жемишин берип, 26 килограмм салмакка чейинки ашкабактарды жыйнадым. Буюрса дыйканчылыктан түшкөн каражатка автоунаа алып, дыйканчылык иштеримди жеңилдетейин деп пландап жатам», - дейт Э.Нурматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 749
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу