Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 12.09.2017 17:34

Кербен шаарында 7 көчөнү асфальттоо иши башталды (фото)

Turmush -  Кербен шаарында 7 көчөнү асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу мэр Нармат Эсеналиев билдирди.

«Кербен шаарындагы 7 ички көчөгө асфальт төшөлөт. Учурда ал көчөлөр тегизделип жатат. Буга чейин 2 көчөгө асфальт төшөлүп, жолдор пайдаланууга берилген. Ошондой эле, айрым көчөлөргө түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар орнотулат», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×