Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 265 жетим бала турак жайга муктаж

Turmush -  Ысык-Көл облусунда ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган 265 жетим бала турак жайга муктаж. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук прокуратурасынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу жана мамлекеттик, муниципалдык социалдык жатаканаларды куруу маселесин чечүү, ички жана тышкы инвесторлорду тартуу жаатында бир дагы иш аткарылган эмес.

«Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун аймагында ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган 406 жетим бала болсо, алардын ичинен турак жайга муктаж балдардын саны 265ти түзөт. Ошону менен бирге ушул жылдын 1-июлуна карата үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү 20ны түзгөн», - деп билдиришти облустук прокуратурадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 524
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×