Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Итагар айылында коомдук иштерге тартылган тургундарга азык-түлүк таратылды

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында коомдук иштерди жасаган тургундарга азык-түлүктөр таратылды. Бул тууралуу айыл башчы Ажибек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, тургундар канал куруп, таза суу чыгаруу иштерине катышкан.

«Итагар айылындагы Тескей участкасына көпүрө кургандарга жана таза суу чыгаргандарга, жашылдандыруу үчүн көчөт тиккендерге ун, өсүмдүк майы таратылды. Учурда айылда 50дөн ашуун үй-бүлө азык-түлүк алышты», - деди А.Алымкулов.

Айыл башчы кошумчалагандай, Итагар айылында 40ка чукул үй-бүлөгө таза суу чыгарылган. Мындан сырткары, көпүрө оңдогон Тескей аймагынын тургундары дагы жардам алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 530
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×