Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.09.2017 15:36

Кара-Көлдө майыптар арасында спартакиада өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-сентябрда Кара-Көл шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 8-спартакиадасы өтүп жатат, деп билдирди Turmush бамылмасынын кабарчысы.

Иш-чара «Биз адам сатууга каршыбыз» урааны астында өтүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар коляска менен жарышуу, шахмат, шашки, гиря көтөрүү жана оор атлетика боюнча мелдешүүдө.

Иш-чарага шаар мэри И.Еркеев жана шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев катышууда.

Мелдеш шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу, аларды колдоо максатында уюштурулуп жатат.

Жергиликтүү бюджеттен бул иш-чарага 14250 сом бөлүнгөн. Спартакиаданын жеңүүчүлөрү 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин Ала-Бука районунда өтүүчү облустук турга катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×