Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Ноокенде Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушу башталды

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн Достук айылында Шамалды-Сай чек ара заставасынын имаратынын курулушу башталды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, капсула салуу аземине вице-прьемер-министр Темир Жумакадыров, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов катышты.

Анда Т.Жумакадыров армияны күчтөндүрүү үчүн чоң аракеттер жумшалып жатканын, Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймактарынын 85%ы такталып калгандыгын белгиледи.

«Армияны күчтөндүрүү үчүн бар күчүбүздү жумшап жатабыз. Мына ушул застава жакшылыктын ордосу болсун. Дагы да шарттарды жакшыртууга болгон күчүбүздү жумшай беребиз. Ала-Бука районунда аскер кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй курулганы жатат. Бул да кызаткерлерге шарт түзүүнүн кадамы болууда», - деди ал.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы У.Шаршеев акыркы жылда куралдуу күчтөрдү жакшыртуу жаатында бир топ алга жылуулар орун алганын, бүгүнкү күндө Лейлек, Ала-Бука, Талас, Нарын, Чүй чек ара башкармалыктарында бирден кызматкерлер үчүн үйлөр курулуу алдында турганын, мындай көңүл буруу буга чейин болбогонун белгилеп кетти.

Мындагы чек ара заставасынын курулушунун башталганына жергиликтүү тургундар да кубангандыгын айтышып, ак жолтой имарат болсун деген каалоо-тилектерин айтышты.

Кошумчалай кетсек, Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушунун заказчиги РФнын ФГКУ Россия чек ара курулуш ишканасы болуп саналат. Чек арачыларга арналган имаратты «Дельта-Лот» ЖЧКсы курууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 463
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×