Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Түркияда көчөдө калган сузактык кыз Кыргызстанга кайтып келди (фото)

Turmush -  Түркиянын Анкара шаарынын көчөлөрүндө эс-учун жоготуп жүрөт деген 30 жаштагы О.С. аттуу кыргызстандык кыз бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кыздын жакындарын табууга жардам берген Акбалык Жумалиева билдирди.

Буга чейин Анкаранын көчөлөрүндө кыргыз кыздын эс-учун билбей жүргөндүгү социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Бети-башы жарылып, көчөдө жүргөн кыргызстандык кыз түрк полициясы кармап кеткени маалымдалган. Көп өтпөй бул кыздын аты-жөнү аныкталып, 30 жаштагы кыз Сузак районунун тургуну О.С. экени такталган.

«Аны алгач көчөдө өзүн ар кандай абалда алып жүргөндүктөн полиция кармап кеткен жеринен Түркиядагы элчилигибиз бошотуп, Анкаранын мамлекеттик ооруканаларына жаткырып, тиешелүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Ал аралыкта Түркияда активдүү мекендештер жол киресине жардам беришип, моралдык жардам көрсөтүштү. Түркиядагы элчилигибиз документин даярдап беришти. Мындан тышкары, элчилик кыздын атасы менен байланышканда, ал кызын аэропорттон тосуп аларын билдирген. Бул кыздын тагдырына кайдыгер карабай, жардамга колун сунган бардык тарапка ыраазычылык айтабыз», - деп билдиришти О.С.нын жакындарын табууга жардам кылгандар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1635
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу