Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада майыптар арасында спартакиада өтөт

Turmush -  Ала-Бука районунда 13-15-сентябрь күндөрү «Биз адам сатууга каршыбыз» деген ураандын алдында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында облусттук VIII спартакиадасы өтөт. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, азыркы учурда облустун район-шаарларында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында спорттун 6 түрү боюнча мыктыларды тандап алуу мелдештери өткөрүлүп жатат. Спартакиаданын катышуучулары спорттун коляскада жарышуу, шахмат, шашки, гир көтөрүү, кол күрөш жана жатып алып штанга көтөрүү түрлөрү боюнча аялдар менен эркектер арасында таймаш өткөрүшөт. Жалпысынан спартакиадада медалдардын 39 комплектиси ойнолот. Жеңүүчүлөргө медалдар жана дипломдор тапшырылат.

«Кыргызстан боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында облустук спартакиада 2010-жылдан тартып бир гана Жалал-Абад облусунда өткөрүлүп келе жатат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында быйылкы жылы өткөрүлүп жаткан облустук VIII спартакиаданы өткөрүүгө ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өздүк резервдик фондунан 100 миң сом каражат бөлүп берди. Ал эми эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору «Биз адам сатууга каршыбыз» долбоорунун алкагында сапртакиаданын уюштуруу иштерин өткөрүүгө 105 миң сом колдоо көрсөттү. Спартакиаданы өткөрүүнүн башкы максаты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо, жашоо шарттарын жакшыртуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өз ара карым-катнаштары менен достуктарын чыңдоо жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири даңазалоо болуп саналат», - деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдуллабек Камбаров.

Ала-Бука районунда өтүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын облусттук VIII спартакиадасына район-шаарлардан 150гө жакын адам катышат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын облустук VII спартакиадасы буга чейин Сузак районунда өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 971
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×