Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, айдоочуларды тоноп жүргөн адам кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери июль айында катталган кылмыш ишинин бетин ачышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ОИИБдин кызматкерлери өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, тоноочулук менен алектенип жүргөн жаранды кармашты. Кылмышка шектүү адам коркутуу жолу менен жарандардан чоң суммадагы акча каражатын алгандан кийин, изин жашырып качып жүргөн.

Ушул жылдын июль айында таңкы саат 04:00дөр чамасында Сузак районунун Топурак-Бел айылынын жанынан белгисиз жарандар өтүп бара жаткан унааны токтотуп, айдоочусун тоноп кетишкен. «Лексус-470» үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн жарандар таякчанын (МАИ таякчасы) жардамы менен «Хонда CRV» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан Баткен облусунун 30 жаштагы тургунун токтотушуп, өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, баш ийбөө фактысы боюнча коркутушуп, айдоочунун 250 долларын жана 3 миң сом акча каражатына коркутуу жолу менен ээлеп алышкан. Жабырлануучу окуя боюнча бир айдан кийин милиция кызматкерлерине кайрылган. Жогорудагы кылмыш иши боюнча материалдар чогултулуп, кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында шектүүлөр айдап жүргөн «Лексус-470» үлгүсүндөгү автоунаа такталып, кылмыш ишине тиешеси бар Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы жашоочусу кармалган. Тергөө учурунда кармалган жаран милиция кызматына эч кандай тиешеси жоктугу жана эч жерде иштебей тургандыгы аныкталан.

«Лексус-470» үлгүсүндөгү автоунаанын ичин текшерүү учурунда уурдалган мамлекеттик номур жана таякча табылган. Азыркы убакта кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги такталууда жана жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар экинчи жаранды кармоо боюнча иш-чаралар көрүлүп жатат.

Кылмышка шектүүлөр мурда милиция кызматкерлеринин атын жамынышып, Ош-Бишкек жолунда башка айдоочулардан коркутуу жолу менен акча алып жүрүшү мүмкүн. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүп жатат.

13

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4660
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×