Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда мазардагы чыр-чатак боюнча молдолорго 1,5 миң сомдон айып салынып, коомдук жумушка тартылды

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылындагы мазарда болгон чыр-чатактан кийин сом молдолорду 1,5 миң сомдон айыпка жыкты. Бул маалыматты Итагар айылынын башчысы Ажыбек Алымкулов тастыктады.

Анын маалыматына караганда, кечээ, 8-сентябрда элди коркутууга алды деген молдолордун ишин Аксы райондук соту карады. Анда сот 6 адамга 1,5 миң сомдон айып салып, 18 сааттан коомдук жумушка чегерүү чечимин чыгарды.

Ал кошумчалагандай, райондук сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 364-беренесинин 1-бөлүмүнүн (майда бейбаштык) негизинде чечим чыгарган.

Буга чейин Итагар айылынын 100дөй тургуну Баба-Ата мазарын тазалаганы барган жергиликтүүлөрдү ур-токмокко алган молдолорго нааразы болуп чогулушканы маалымдалган.

Айыл тургуну Куттубек Мырзамамыт уулунун айтымында, мазарды тазалаганы барган жергиликтүү тургундар менен мазарды караган шайыктын ортосунда талаш чыккан.

«Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандарды мазардын шайыгы ал жерге киргизбөөгө аракет кылган. Кийин тургандар ал жерди өз алдынча тосуп, мазардын каралбай калганын сынга алышкан. Мындан улам шайык өзүнүн тааныштарын чакырып, айыл тургундарын коркутууга алыптыр. Ага нааразы болгондор бүгүн чогулушту. Милиция кызматкерлери коркутуп жаткан молдолорду эл менен жолугуштурду. Бирок, алар жергиликтүүлөрдү милиция кызматкерлеринин көзүнчө коркутууга алышты», - деген Куттубек Мырзамамыт уулу.

Тургундардын айтымында, 4-август күнү Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандар кечкисин үйлөрүнө кетип жаткан учурда аларды белгисиз адамдар тосуп алып, коркутууга алышкан. Ошондой эле, Бакыт аттуу жергиликтүү тургунду ур-токмокко алышып, мазарга барбагыла деген талап коюшкан.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Аксы районунун Итагар айылындагы Баба-Ата мазарындагы жергиликтүү эл менен болгон чыр-чатакка Муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлери катышпагандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, Баба-Ата мазарын караган адам расмий дин кызматкери эмес.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мазарда жергиликтүү тургундар менен молдолордун ортосунда мушташ болду деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Баба-Ата мазарында шайык болуп иштеп жаткан А.Б. аттуу жаран 20-августта Ак-Суу айыл аймагынын тургуну, молдо 1954-жылы туулган М.Д.га уюлдук телефон аркылуу байланышып, аны Баба-Ата мазарын убактылуу карап турууну өтүнгөн. М.Д. Баба-Ата мазарын убактылуу карап турган учурда, келген зыяратчыларга: «аялдар мазарга киргенде эркек кишилер менен бир досторконго олтурууга болбойт» деп элдин нааразычылыгын жараткан. Ушул жылдын 3-сентябрында Итагар айылынын башчысы А.Алымкулов 55-60ка жакын адамдар менен Баба-Ата мазарын оңдоого барып, тазалап жатканда ал жердеги молдолор менен айыл башчы жана тургундар «эмне үчүн аялдарга тыюу саласынар?» деген маселе боюнча айтыша кетишкен. Мындан улам А.Б жана молдолор Т уулу Б., Т уулу А. Аксы РИИБге алынып келип, түшүндурүү иштери жүргүзүлгөн. Алардын ортосунда мушташ болгон эмес», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 913
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×