Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунун маданият күндөрү Нарында өтөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун маданият күндөрү 21-23-сентябрда Нарын облусунда өткөрүлө турган болду. Буга байланыштуу өкмөттүн облустагы өкүлү К.Сатыбалдиевдин буйругу чыкты.

Буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөндөй бул иш-чара быйылкы Адеп, ыйман жана маданияттуулук жылынын алкагында уюштурулмакчы. Жалал-Абад облусунун Нарында болуучу маданият күндөрүн уюштуруу боюнча топ түзүү жагы өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлдү.

Облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын директору Д. Жолдошева менен КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустагы өкүлү Р. Козукеев улуттун өнөр уюткусун түзгөн манасчы, акын, дастанчы, комузчу, обончу жана аваздык-аспаптык ансамблдердин аткаруусунда концерттик программаларды, аткаруучулар менен алып баруучуларды даярдоого жетекчилик кылышып, концерттик программа түзүшөт. Облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры директор С.Берикбаевдин башчылыгы менен Жалал-Абад облусунан чыккан тарыхый инсандардын басып өткөн жолу, алардын элге сиңирген эмгегин чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок даярдайт. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары кол өнөрчүлүктүн жана улуттук тамак-аштардын жарманкесин уюштурууга милдеттендирилди. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы Нарында өтүүчү жарманкеге жер-жемиштерди коёт. Жергиликтүү саркеч кийимдердин көргөзмө -жарманкесин даярдоо иши Жалал-Абад жана Кара-Көл шаарларына жүктөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 533
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×