Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта жер көчкү кооптуулугу бар жерден жаңы конушка көчүрүлгөндөр үчүн бирдиктүү терезе ачылды

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу, Кыз-Көл айыл аймактарындагы жер көчкү кооптуулугу күч болгон айылдардан чыгарылган жашоочулар үчүн Көк-Булак, Кашка-Терек айылдарында Аэропорт конушу пайда болду. Эми аларга турак жай куруу учүн 300 миң сомго чейин узак мөөнөткө ипотекалык насыя берилмей болууда.

Райондун акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаевдин билдирүүсүндө, ипотекалык жол менен берилүүчү насыя ала тургандардын тийиштүү документтерин топтоодо кыйынчылыктар жаралбашы үчүн эки айыл өкмөттө тең бирдиктүү терезе ачылды.

«Ипотекалык насыя алууну каалагандар тийиштүү документтерди бүткөрүүдө ар кайсыл мекемелерге барып кыйналбасын деп райондук администрациянын демилгеси менен бирдиктүү терезе иштеп баштады. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук бөлүмү, ЖААК, ӨКМдин, мамлекеттик нотариустун кызматкерлери иштеп жатышат. Ипотека алууга 462 жарандын тизмеси бекитилди», - дейт акимдин орун басары.

Ал белгилегендей, ипотека алуу үчүн Кызыл-Туудан 25, Кыз-Көлдөн 22 жаран бирдиктүү терезе аркылуу өз документтерин бүтүрүп, банкка тапшырышкан.

Эске салсак, Кызыл-Туу аймагындагы Көк-Булак участкасында 302 түтүнгө жер тилке берилсе, Кыз-Көл аймагында 78 түтүнгө жер тилке даярдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 587
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:33,   23.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×