Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда мазардагы чыр-чатактан кийин кечирим сураган молдолорду тургундар кечирүүдөн баш тартты

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылындагы мазарда болгон чыр-чатактан кийин жергиликтүү тургундар менен молдолордун жолугушуусу болду. Бул тууралуу айыл тургуну Жалын билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда ур-токмокко кабылды деген тургундардан молдолор кечирим сурашты, бирок эл кечирген жок.

«Тургундарга кол көтөрүп, коркутууга алды делген молдолор келип, элден кечирим сурады. Алар эки тарапты жараштырууга аракет кылганы менен эл кечирген жок. Молдолор ачуулукка алдырганын айтышты. Тургундар молдолордун ишин укук коргоо органдары карап, жоопко тартсын деген талап коюшту», - деди айыл тургуну.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков молдолорго түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин алар бошотулганын билдирди.

«Аксы райондук ички иштер бөлүмү бул ишти териштирип чыкты. Жергиликтүү тургундардан милицияга арыз түшкөн эмес. Бирок, алардын ишин карап чыгуу боюнча билдирүү түшкөн. 6-сентябрь күнү кармалган молдолорго түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бошотулду», - дейт ал.

Буга чейин Итагар айылынын 100дөй тургуну Баба-Ата мазарын тазалаганы барган жергиликтүүлөрдү ур-токмокко алган молдолорго нааразы болуп чогулушканы маалымдалган.

Айыл тургуну Куттубек Мырзамамыт уулунун айтымында, мазарды тазалаганы барган жергиликтүү тургундар менен мазарды караган шайыктын ортосунда талаш чыккан.

«Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандарды мазардын шайыгы ал жерге киргизбөөгө аракет кылган. Кийин тургандар ал жерди өз алдынча тосуп, мазардын каралбай калганын сынга алышкан. Мындан улам шайык өзүнүн тааныштарын чакырып, айыл тургундарын коркутууга алыптыр. Ага нааразы болгондор бүгүн чогулушту. Милиция кызматкерлери коркутуп жаткан молдолорду эл менен жолугуштурду. Бирок, алар жергиликтүүлөрдү милиция кызматкерлеринин көзүнчө коркутууга алышты», - деген Куттубек Мырзамамыт уулу.

Тургундардын айтымында, 4-август күнү Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандар кечкисин үйлөрүнө кетип жаткан учурда аларды белгисиз адамдар тосуп алып, коркутууга алышкан. Ошондой эле, Бакыт аттуу жергиликтүү тургунду ур-токмокко алышып, мазарга барбагыла деген талап коюшкан.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Аксы районунун Итагар айылындагы Баба-Ата мазарындагы жергиликтүү эл менен болгон чыр-чатакка Муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлери катышпагандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, Баба-Ата мазарын караган адам расмий дин кызматкери эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3656
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×