Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Кара-Көлдүн тургуну менчик бала бакчада курттаган тамак берилгенин айтса, жетекчи четке кагууда (фото, видео)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы «Золотой улей» жеке менчик бала бакчасында тарбияланган балдарга курттаган геркулес, таруудан жасалган сүт ботколор берилип жатат. Бул тууралуу шаар тургуну Айгүл Акматова билдирди.

Анын айтымында, ал аталган бала бакчада 4 ай иштеп кеткен.

«Бул бала бакчада апрель айынан баштап 4 ай иштедим. Бул убакыттын ичинде бала бакчанын тамактары жакшы эле болчу. Жайдан тарта сүт ботконун үстүнө курт калкып чыга баштады. Мен балдар тамак жебей жатканын ашканадагыларга айттым. Алар курттаган тарууну түгөтө турганын айтышты. Алар: «сен чыпкалап бергенден кийинкисин көрүп жатасың» дешти. Бала бакчанын башчысына дагы бул окуяны айттым.

Бир күнү тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүк алынып келгенде кампага киргизилген каптагы тарууну көпөлөк басып кеткенин көрдүм. Башчыга: «Сүт ботконун үстүнө курттар кылкып чыгып жатат. Балдар жебей жатат» десем, «ушуну түгөтөлү» деди. Менимче капта 5 килограммдай таруу бар эле. Ошону төгүп койсо болмок. Ал эми нанды балдарга жука кесип беришет. Бир жасаганда 30 нан бышырып, балдарга бир жума бою беришет. Ысыкта нандар жыттанып, ортолору батташып кетет. Аны балдар жебейт. Балдарды жакшы тарбиялашат, бирок тамак-ашы жакшы эмес. Иштеп жүргөн кезде бул көрүнүштү видеого тартып алгам. Бакчанын башчысына: «Эже, ушул курттаган тарууну берүүнү токтотпосоңор видеого тартып, интернетке жарыялайм» деп айткам. Бирок алар токтотпой, курттаган таруу түгөнгүчө сүт ботко кылып балдарга беришти. Андан кийин геркулес курттады. Видеодогу курттаган геркулестен жасалган эртең мененки сүт ботко болчу. Экинчи тамакка гречка демдеп, гүрүчтөн тамак жасап беришет», - деди Айгүл Акматова.

Ал эми аталган бала бакчанын башчысы Р.Жайлообаева А.Акматованын билдирүүсүн четке какты.

Бала бакчанын кызматкерлеринин айтымында, А.Акматова буга чейин ушул мекемеде иштеп кеткен. Алар анын иштен чыгуусун бала бакчанын башчысына таарынуусу менен байланыштырып, өчөшкөндөн улам туура эмес маалыматты жарыялаган дешет.

«Золотой улей» менчик балдар бакчасы 5 жарым жылдан бери иштеп келе жатат. Мага иш сурап ар кандай адамдар келишет. Ошолор сыяктуу Айгүл Акматова дагы апасы менен иш сурап келген. Апасы: «кызымды ишке ал, төрөй албай жүрөт. Ушул жерде иштеп, жаш балдардын батасы тийип, төрөп алса жакшы болот эле» деп кайрылды. Мен аны бала багуучу кылып ишке алдым. Абдан жакшы иштечү. Эки үч айдан кийин жоолук салынып баштады. Кийинки күндөрү мүнөзү өзгөрдү. Мурдагыдай иштөөгө көңүлү келбей жүргөнүн байкадым. Мен келгенде уктап жатканын же тесме тартып отурганын көрөм. Мындан улам иш убагында уктоо туура эмес экенин айткам. Мындай учур бир нече жолу кайталангандыктан эскертүү бергем. Сентябрда ата-энелер балдарын алып келе баштап, балдардын саны көбөйдү. Кенже тайпага балдар көп келип, жаңы келгендери ыйлап жатты. Ошондон улам Айгүлдүн тажрыйбасына карап аны кенже тайпага бала багуучу кылып которгом. Ал: «Мени эмне үчүн ал жакка котордуңуз? Иштегениме бир жылга жакын болуп калды. Жаңы келген кызды менин ордума коюп, мени кенже тайпага которуп салдыңыз» деди. Мен ага убактылуу иштеп тур деп айтып, жаңы кызматкер келгенде аны өз ордуна которо турганымды айттым. Ошондон улам мени жаман көрүп калды көрүнөт. Ал иштебей турганын айтты. Мен каршылык көрсөткөн жокмун, айлыгын алып, иштен кетти. Эртеси балдарга курттаган тамак берип жатат деген видеону интернетке жүктөптүр.

Кечээ, 7-сентябрда ата-энелер келип, ызы-чуу түштү. Айгүлдү чакырып, алардын көзүнчө сүйлөштүк. Бирок ал таптакыр башка сөздү сүйлөп, менин сөзүмдү укпай, урушуп, мушташып кетейин дегенге чейин барды. Мен теңелген жокмун», - деди Р.Жайлообаева.

Ал эми А.Акматова жетекчинин иштен кеткени үчүн жалган маалымат таратты деген сөзүнө кошулбайт.

«Мен бул видеону бала бакчанын жетекчисине өчөшүп тараткан жокмун. Жакында ал ата-энелер чогулушун өткөрөм деп жатканын уккам. Анткени айына ар бир балага 2500 сом акча алса, баланын киргенине деп 5 миң сом алат. Ал жетпей, дагы 1000 сомдон суроо үчүн чогулуш кыларын угуп, ошол чогулушта видеону көрсөтөйүн деп ойлогом. Бирок ага чейин чыдай алган жокмун», - деди А.Акматова.

Бул маалыматтан соң шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, Санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Т.Касымбеков жана шаардык кеңештеги социалдык маселелер боюнча комиссиянын башчысы Ж.Журабаев аталган бала бакчаны текшерүүгө алышты.

Алар ашканадагы идиш-аяктардын жана ажатканалардын санитардык абалын карашты. Азык-түлүк сактоочу жайдагы балдарга берилүүчү азыктардан курт табылган жок. Бирок муздаткычта эт менен нандын бирге салынганына күбө болушту. Ошондой эле, алар шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу «Келечек» бала бакчасынын абалы менен таанышты.

Шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев текшерүүнүн жыйынтыгы 13-сентябрда шаардык кеңештин сессиясында карала турганын айтты.

А.Акматова тартып алган видеотасма

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2174
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу