Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыдагы Жылгын айылынын тургундары жол боюнда жайгашкан мектептин окуучулары үчүн кооптонууда

Turmush -  Аксы районунун Жылгын айылынын тургундары мектеп унаа жолдун боюнча жайгашкандыктан окуучуларга коркунуч жаралып жаткандыгын айтышууда. Бул тууралуу Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы Бакыт Мамыралы уулу билдирди.

Анын айтымында, алар мектептин жанына ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсөөлөрдү коюп берүүнү талап кылууда.

«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жылгын айылында мектеп жолго жакын жайгашкан. Ал жерден унаалар катуу ылдамдыкта өтүп, окуучуларды сүзүп кетүү коркунучу бар. Айыл тургундары мектептин жанына ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсөөлөрдү коюп берүүнү талап кылып жатат. Тиешелүү жетекчиликке кайрылганыбыз менен азырынча элдин талабы аткарыла элек. Азыр окуу башталып, окуучуларга коркунуч жаратууда», - деди ал.

Жылгын айылы Сары-Челек көлүнө баруучу жолдун жанында жайгашкан. Мектепте 300гө чукул окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 700
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×