Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда 10 мектептин жанында жөө адамдар өтүүчү жол белгилери жок (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы 10 мектепте жөө адамдар өтүүчү жол белгилери, 9 мектепте ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсөөлөр (лежачий полицейский) жок. Мындай маалымат бүгүн, 7-сентябрда өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков шаардагы мектептердин абалы менен жеринде таанышканда белгилүү болду.

Мектептердин жанындагы жол белгилерди текшерүүгө Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, облустук методикалык усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов да катышып, №4,5,14,8 мектептерде болушту. Аталган мектептер жолдун жээктеринде жайгашкан, унаа каттамы да көп.

Мектептердин айланасында таштандылар жатат. №5 мектептин айланасын да тазалоо керектигин билдирген Ы.Ызабеков: «Айланасын карагылачы, таштандылар жатат. Тазалыкка маани бергиле. Башка мектептерде да абал ушундай экен. №4 мектептин алдында унаалардын тыгыны болуп турат, милициялар тартипти көзөмөлдөп жатат. Алар жылгандан кийинки абал кандай болот. Окуучулардын коопсуздугуна көңүл бөлүшүбүз керек», - деди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жөө адамдар өтүүчү жол белгилерин коюуга аракеттер көрүлүп жатканын айтышты. Жумушчу топко шаар аймагындагы №13 мектепте коюлган жол белгилер мисал катарында көрсөтүлдү.

Маалым болгондой, шаар аймагында жалпы 22 мектеп бар. Жаңы окуу жылына чейин жол жээгинде жайгашкан мектептерге жол белгилери коюлушу керектиги жол кырсыктарын алдын алуу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде айтылган.

ИИМдин маалыматы боюнча республикада 537 мектеп жол боюнда жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 696
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×