Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Атасынан ажырап, оорукчан апасы Россияда жүргөн сузактык 3 бир тууганга акимчилик жардам көрсөттү (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагынын Дөш айылынын 20 жаштагы тургуну Барат уулу Байжигитке район акими Эрмекбай Омошев 20 миң сом акчалай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Байжигиттин мектеп жашындагы иниси жана карындашы бар. Бир туугандардын атасы 2005-жылы оорудан улам каза болгон. Апасы Россияга кеткен, бирок ден соолугуна байланыштуу балдарына жарытылуу акча сала албай жүрөт. Бир туугандардын түйшүгүн улуусу Байжигит тартып, карындашынын жана инисинин да билим алуусуна болгон күчүн жумшап, шарт түзүп берүүдө.

«Үчөөбүз жашайбыз, мамлекеттен жөлөк пул алабыз, ал күнүмдүк тамак-ашка эле кетип калат. Туугандарыбыз, жакынкы кошунабыз жана аяш атабыз Мурат байке жардам берип турат. Үйүбүз кулайын деп калгандыктан башка үй куруп жатабыз, ага туугандар, айылдагылар жардам көрсөтүүдө. Курулушу кышка чейин бүтүп калат деп турабыз. Айыл өкмөт 30 миң сом, аким 20 миң колдоо көрсөттү. Жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем», - дейт Барат уулу Байжигит.

Бул бир туугандар атасынан калган жерге дыйканчылык кылышат. Байжигит айылда устачылык менен да алектенип, бир туугандарына ата да, ага да болуп, өз тиричилигин өткөрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2651
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×