Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Кара-Көлдүн кээ бир тургундары турак жайларын милдеттүү камсыздандыруудан баш тартууда, - вице-мэр

Turmush -  Кара-Көл шаарынын кээ бир тургундары турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруудан баш тартууда. Бул тууралуу шаардын биринчи вице-мэри Өскөн уулу Калыбай билдирди.

Анын айтымына караганда, шаардын жашоочулары турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруудан ооз эки түрдө баш тартууда. Бирок ага карабай мэрия тараптан катуу көзөмөл жүргүзүлөт.

«Ооз эки түрдө баш тарткан жарандар туура эмес маалыматтарды угуп алып, турак жайын милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрбөй жатышат. Бүгүнкү күндө аларга туура маалыматтар жеткирилип, эл арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Ушул жылдын 31-августуна карата турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандырган шаар тургундарынын саны 83 кишини түздү», - деди вице-мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 449
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу