Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Сузактагы медреседе окуган 40ка жакын кыз ашпозчу-кондитер кесибине ээ болушту

Turmush -  Сузак районуна караштуу Күмүш-Азиз айылындагы «Имам Аьзам» кыздар медресесинде билим алып жатышкан 40ка жакын кыз ашпозчулук жаатында өз билимдерин өркүндөтүштү. Аларга 6-сентябрда ашпозчу-кондитер кесибин үйрөнүп чыккандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

Бир жарым ай бою «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында 30га жакын тамактын, 30га жакын салаттын түрлөрүн, ошондой эле кондитердик азыктарды бышырууну үйрөнүшкөн кыздар сертификат алардан мурун түрдүү даамдарды жасап, сынактан өтүштү. Мындагы сынактын комиссия мүчөлөрүнүн курамын «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун менеджери Нарынбек Кыдыргычов, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын облустагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, медресе мугалими жана жумуш берүүчүлөр толукташты. Сынак тапшырган кыздар салаттарды, тамактарды жасап, жасалышы, колдонулган азыктар боюнча маалымат беришти. Ошондой эле, өрт коопсуздук эрежелерине байланышкан суроолорго жооп беришти.

Европа ашканасына таандык тамактарды да жасоону үйрөнгөн кыздар тажрыйба алмашуу максатында Жалал-Абад шаарындагы кафе-ресторандарга, кондитердик цехтерге 3 күн тажрыйба топтоого барып, мыкты өздөштүргөндөрү жумушка тандалып алынганы белгилүү болду.

Мындагы медреседе кыздар 4 жыл билим алып, аларга муфтияттан диплом берилет. Азыркы тапта 100гө жакын кыз билим алууда. Алар диний билим гана албастан ашпозчулуктун сырларын да үйрөнүшүүдө. Октябрь айынан тарта тигүүчүлүк курсун ачуу пландалууда. Медреселерде окуган жаштарга кесиптик билим берүү зарылдыгын белгилеген Нарынбек Кыдыргычовдун айтымында, кыздар керектүү болгон кесиптин ээси болушту.

«Бул медресеге ашпозчулукту үйрөтүүгө зарыл болгон жабдуулар 550 миң сомго долбоор алкагында алынып берилген. Анын максаты — медреседе диний билим гана албастан аялдарга керектүү болгон ашпозчулук кесибин да үйрөтүп, жумуш менен камсыздоо. Жумуш берүүчүлөр курстан окуп чыккан кыздардын кесиптик деңгээли жогору экенин айтышты. Айрымдары жумуш менен камсыз да болушуптур. Бул кошумча кесип үйрөнүүнүн пайдасы болду», - дейт ал.

Кошумчалай кетсек, медресе жаштарын кесипке үйрөткөн социалдык долбоордун негизинде атайын жабдуулар алынып берилген. Бардык чыгымдарды АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылайт.

Эске салсак, облуста 2 кыздар медресеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 792
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×