Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-абаддык жаштар кабыл алган резолюция президенттикке талапкерлерге жөнөтүлөт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Жаш тилек - 2017» форуму өткөрүлүп, анда жаштардын көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу «Youth of Osh» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Акмарал Сатимбаева билдирди.

Анын айтымында, форум «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун катышуусуда өткөрүлдү.

«Форумдун негизги максаты — учурдагы жаштарыбыздын жетишкендиктерин, аны менен катар алар аркылуу жаштардын арасында жаралып жаткан олуттуу көйгөйлөрдү билүү жана аны чечүүнүн жолдорун жаштар менен биргеликте талкуулоо. Форумдун алкагында жаштарга атайын адистердин катышуусунда билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономика, жумушсуздук, бизнес жана экологиялык багыттар боюнча бир катар көйгөйлөр талкууланды. Мындан тышкары, алдыдагы саясий кырдаалдарда жаштардын таасири жөнүндө да бир топ маселелер ортого ташталды. Негизинен бул форум «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан өлкөнүн түштүк аймактарындагы активдүү жаштар арасында өткөрүлүп, жыйынтыгында жалпы резолюция кабыл алынды», - дейт А.Сатимбаева.

Эми жаштар форуму кабыл алган резолюция президенттикке талапкерлерге жөнөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 571
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×