Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото — Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң жогорку чекке жетти

Turmush -  Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көп жылдан бери биринчи жолу чоң көрсөткүчкө — 19,6 млрд куб метрге жетти.

Tazabek маалымдагандай, ушул жылдын 18-августунда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 млрд 500 млн куб метрди түзүп, жогорку көрсөткүчкө жеткен. Суу сактагычка кирген суунун агымы секундасына 570 куб метрди түзсө, агып чыккан суу 405 куб метрди түзгөн.

2017-жылдын 19-июлунда суу сактагычтагы суунун көлөмү 19 млрд 325 млн куб метрге жетип, кирген суунун агымы секундасына 1068 куб метрди түзсө, чыкканы 904 куб метрди түзгөн.

2017-жылдын 16-июнунда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд 229 млн куб метрге жеткен. Суу сактагычка кирген суунун агымы секундасына 1424 куб метрди түзсө, чыкканы 342 куб метрди түзгөн.

2017-жылдын 22-майында суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 млрд 723 млн куб метрге жетип, кирген суунун агымы секундасына 1868 куб метрди түзсө, 217 куб метр суу агып чыккан.

2017-жылдын 10-майында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 732 млн куб метрге жеткен. Суу сактагычка кирген суунун агымы секундасына 404 куб метрди түзсө, чыкканы 457 куб метрди түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 893
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×