Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө жаңы 1-класска барган окуучу трансформатордогу токко урунуп каза болду (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 7 жаштагы бала токко урунуп каза болду.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 4-сентябрда саат 18:30 чамасында болгон. 7 жаштагы Б.Элдар бир тууганы менен шаардык оорукананын короосунда ойноп жүрүп, ачык турган трансформатордогу токко урунуп, ошол жерде көз жумган. Ал трансформатор кулпуланбай, зым гана илинип турганы маалым болду. 

Б.Элдар быйыл 1-класска жаңы барган болчу. Ал 9 бир туугандын алтынчысы. Апасы балдарын жалгыз тарбиялап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4236
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×