Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Фото — Кара-Көлдө турак үйдөн өрт чыгып, чатыры жана буюмдар күйүп кетти

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы турак үйдөн өрт чыгып, чатыры жана кире бериши күйүп кетти, деп билдиришти шаардык өрткө каршы бөлүмүнөн.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-сентябрда саат 14:45 чамасында Ак-Таш көчөсүндө жайгашкан жергиликтүү тургун О.Шайлообекке тиешелүү турак үйдөн өрт чыккан. Өрт шамал болгондо үйдүн чатырындагы электр чубалгылары бири-бирине тийгенден улам тутанган. Анын кесепетинен өрттөнгөн аянт 88 чарчы метрди түзгөн.

Өрт өчүрүү кызматкерлерине саат 15:00 чамасында билдирүү түшүп, 5 кызматкер, эки техника тартылып, өрт саат 16:50 чамасында толук өчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 598
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу