Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Таш-көмүрлүк Д.Итибаев 3 райондун элин көмүр менен камсыз кылууда (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын тургуну Данияр Итибаев 10 жылдан бери Аксы, Ноокен, Токтогул райондорунун жашоочуларын көмүр менен камсыз кылууда. Ал жакынкы күндөрү Ноокен районунун Сакалды, Бүргөндү, Масы, Ноокен, Арал айылдарын кыдыруу менен керектөөчүлөргө көмүр түшүрүп берип жатканын айтат.

«Көмүрдүн 40 килограммдык бир кабынын баасы азыркы күндө 150 сомдон сатылууда. Жаңы сатып алган автоунаама 140-150 кап көмүр батат», - дейт ал.

Данияр Итибаев жакынкы арада Токтогул районундагы айыл-кыштактардын калкына көмүр ташып берүүнү пландоодо.

Анын айытымында, күн сайын Таш-Көмүр шаарында кол менен казылган көмүрлөрдү керектөөчүлөргө сатып өткөрүү үчүн элүүдөн ашык жеке менчик автоунаалар айыл-кыштактарды кыдырып чыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 526
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×