Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Токтогулдагы айылдын тургундары кен казган компаниянын өкүлдөрүн өткөрбөй, жол тосушту (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңгөй айылынын тургундарынан турган топ 3-сентябрда Узун-Акмат кен казуучу аймакка өтүүчү жолду тосуп алышты. Бул тууралуу Үсөн Кудайкулов билдирди.

Анын маалыматына караганда, мындай көрүнүш 1 айдан бери кайталанууда.

«Милиця кызматкерлери келет, бирок жыйынтык боло элек. Күндүзү аялдар, кечкисин эркектер туруп, жолду цемент, бетон жана жыгач, таштар менен тосуп коюуда. Жогорку бийликтен бул маселени мыйзамдуу карап берүүнү суранабыз», - дейт ал.

Ал эми Ак-Терек айылынын тургуну Анара Бекмуратова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, кен казууга 3 айылдын тургундары каршы болууда. 2-сентябрда Ак-Терек, Чолпон-Ата, Кара-Күңгөй айылынын тургундарынан жалпы 200дөй адам чогулуп, өз нааразычылыктарын айтышкан.

«Кен бар аймакка бара жаткан бир унааны кайтардык. 5-6 аял жолду жыгач менен тосуп отурганбыз. Райондон экологмун деген кызматкер бизди тилдеп, отургучубузду алып жатканда 70 жашка чыгып калган кемпир жыгылып, ооруп калды. Азыр үйүндө дарыланып жатат. Экологмун деген кызматкерден кен казууда экологияга, сууга терс таасири тийбейт деп тил кат жазып бергиле дедик», - дейт А.Бекмуратова.

Ал белгилегендей, орой мамиле жасаган кызматкер ооруган кемпирдин дарылануусуна 5 миң сом берген.

Тема боюнча:

25.11.2015Фото - Айрым токтогулдуктар Узун-Акмат кенин казууга каршы
25.11.2015Фото - Токтогулда Узун-Акмат алтын кенинин казылышына нааразы болгон тургундардын пикири
23.02.2016Видео - Узун-Акмат кенинин казылышына каршы чыккан токтогулдуктар компаниянын техникаларын жолдон өткөрбөй жатышат
25.02.2016Токтогулдагы Чолпон-Ата айыл аймагынын жашоочулары Узун-Акмат кенин иштетүүгө каршылык билдирип чогулду (фото)
14.05.2016Токтогулдун Чолпон-Ата айылында Узун-Акмат алтын кени боюнча элдик жыйын өтөт
01.08.2016Узун-Акмат жана Чычкан дарыяларында балык кармагандар кармалды (видео)
06.08.2016Чолпон-Ата айыл аймагынын жашоочулары Узун-Акмат кенин каздырбоо талабы менен чогулду (фото)
17.09.2016Чолпон-Ата айылынын эли Узун-Акмат кенин казуучу техникалардын жолун тосууга чогулду (фото, видео)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 941
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу