Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ноокендик дыйкан А.Камбаров дарбыздан 30 тонна түшүм жыйнады (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Курулуш айылында жашаган дыйкан Абдырасул Камбаров 5 гектар 30 сотых жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүп, алардан жакшы түшүм алды. Аймактык кабарчы элеттик дыйкандан кабар алды.

А.Камбаровдун айтымында, ал уулу экөө органикалык жер семирткич сээп өстүргөн 60 сотых жердеги дарбыздын биринчи үзүмүнөн 30 тоннадан ашык түшүм жыйнады.

«Дарбыздарды унаам менен айыл-кыштактардын калкына сатып өткөрдүм. Эми дарбыздын экинчи үзүмү бышуу алдында турат. Андан тышкары, ижарага алып иштетип жаткан бир гектар беденин үч чабыгынан 1500 таңгак чөп жыйнадык. 80 сотых жерден 2 тоннадан ашык жүгөрүнүн данын кайрып алдык. Ижарага алган 1,6 гектарга өстүрүлгөн нокоттон (горох) 2 тоннадан ашык түшүм жыйнадык. Аны баасы жогорулаганда сатууну көздөп жатам», - дейт дыйкан.

Ошондой эле, ал өз үлүшүнө тийген 80 сотых аянтка пахта өстүрүп, пахтаны терүү алдында турат. А.Камбаров айылга жер иштеткен ашкан дыйкан гана эмес, колунан түрдүү курулуш иши келген уста катары да таанымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 889
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×