Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Кара-Көлгө бурулуштагы тик жарга жүк ташуучу унаа оодарылып кетти

Turmush -  Бишкек—Ош жолунун 389-чакырымында чоң жүк ташуучу унаа сайга оодарылып кетти. Күбөлөр Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, кырсык бүгүн, 3-сентябрда саат 06:00 чамасында Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына бурулушта болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок.

Окуя болгон жердеги айдоочулар сайга кулаган жүк ташуучу унааны трос менен «КамАЗ» унаасына байлап коюшкан. Учурда кырсыкка байланыштуу тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1589
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×