Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Жалал-Абад

Кара-көлдүктөр Курман айтты майрамдап жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-сентябрда Кара-Көл шаарында Курман айт майрамы белгиленүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Майрамга карата шаар тургундары 5 бодо мал, 30 кой-эчкини курмандыкка чалышты. Союлган малдын эти жетим-жесирлерге, аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө таратылууда.

Ошондой эле, Кара-Көл шаардык мэрия менен шаардык кеңеш тарабынан 5 казан аш жасалып, элге тартууланды. Мындан тышкары, шаардык кеңеш кыргыз күрөшү, гиря көтөрүү, аркан тартыш, кол күрөш, кичи футбол оюндары боюнча мелдештерди уюштурду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2251
Көп окулду
×