Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын мектептеринде Билим күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад шаарынын бардык мектептеринде Билим күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Спутник кичи шаарчасында жайгашкан №9 Раатбек Санатбаев атындагы орто мектептин 1-классына быйыл 170 окуучу кабыл алынды. Мектеп директору Г.Ибрагимова окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап жатып, мектепке 2 плазмалык сыналгы алынганын белгиледи.

Р.Санатбаев атындагы орто мектеп 1973-жылы 840 окуучуга ылайыкташтырылып курулган. Учурда бул мектепте 1361 окуучу билим алса, 80 мугалим эмгектенет.

Ал эми Жалал-Абад шаарында жалпы 21 мектеп болсо, алардын үчөө жеке менчик мектеп. Быйылкы жылы шаарда жалпысынан 20 миңден ашуун окуучу 1-класска барды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1080
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×