Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Сузактын Атабеков айылында 270 орундуу заманбап мектеп пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Сузак районунун Атабеков айыл аймагында 275 орундуу заманбап мектеп пайдаланууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге вице-премьер-министр Д.Зилалиев, ЖК депутаты А.Назаров, өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев катышып, окуучуларды, мугалимдерди Билим күнү менен куттукташты. Ошондой эле, мугалимдерге балдарга сапаттуу билим берүүгө чакырык ташталды.

Мектептин курулушу 2015-жылы башталып, жалпы 54 миллион сомго бүткөрүлгөн. Мектеп ичинде бүтүндөй шарттар түзүлгөн. Спорт зал менен балдардын кийим алмаштыра турган жайы, жуунучу бөлмөлөр да курулган. Жаңы мектепте 500дөн ашуун бала билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 517
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу