Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Өкмөт өкүлү Жалал-Абадда жер көчкүдөн улам көчүүгө аргасыз болгон тургундар менен жолукту (фото)

Turmush -  Сузак жана Базар-Коргон райондорунда жер көчкү кооптуулугунан улам башка аймакка көчүрүлүп, турак жай куруп жаткан жашоочулардын абалынан вице-премьер-министр Д.Зилалиев, өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев  кабар алышты.

Вице-премьер-министрдин облуска жасаган алгачкы иш сапары Сузак районунун Кашка-Терек айылында болуп, райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек маянасынан үйсүз калган төрт үй-бүлөгө курулуп жаткан үйлөрдүн абалын көрүү менен баштады.

2017-жылдын 26-январында Сары-Булак айылында көчкү жүрүп, 3 үйдү басып, бир үйгө жакындап токтогон. Андагы жашоочулар качып чыгууга үлгүрүшкөн. Кийимдеринен башка эч нерсеси калбаган 4 түтүн айылдагы «Орток» токой чарбасынын кеңсесине жайгаштырылган эле.

Ал үй-бүлөлөргө Кашка-Терек айылындагы Аэропорт участкасынан жер тилке берилип, учурда үй тургузулууда. Учурда үйлөрдүн дубалы тургузулуп бүттү. Суук түшкөнгө чейин жашоочулар үйгө киргизилет. Андагы участкадан 78 үйгө жер тилке бөлүнүп, азыркы тапта 1 көчөгө электр жарыгы тартылды. Мында жашоочулар тарабынан ички жолдорду салуу, таза суу маселесин чечип берүү көйгөйлөрү айтылды.

Андан соң бийлик өкүлдөрү Ачы аймагындагы Алмалуу-Булак, Соку-Таш, Ак-Терек айылдарында жашагандарга жер тилке берилген Көк-Булак участкасында болушту. Була аймакта жалпы 302 түтүнгө жер тилке бөлүнүп берилген. Быйыл жаз мезгилинде жашоочулар берилген жер тилкелерге үй тургузууну башташкан.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин 200гө жакын үйдүн пайдубалы түптөлүп, 39 үйдүн дубалы курулду. Калган үй-бүлөлөр да үйлөрүн тургузуунун аракетин көрүп жатат. Мындагы жашоочулар электр жарыгы берилгенине ыраазычылыктарын билдиришип, эми суу маселесин чечип берүүнү өтүнүштү.

Маалым болгондой, Көк-Булак участкасында 150 орундуу 2 кабаттуу мектептин курулушу башталат. Бул участкага бала бакча, ФАП куруу үчүн жер бөлүнүп, долбоор жазылган. Жеринен кабар алган Д.Зилалиев калк койгон маселесин дароо чечип берүү мүмкүн эмес экенин, алардын маселесинин үстүндө иш алып баруу аракети көрүлөрүн билдирди.

Вице-премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында Базар-Коргон районуна да барып, көчкүдөн улам көчүүгө аргасыз болгон жашоочулардын үнүн укту.

Тема боюнча:

25.05.2015Фоторепортаж – 6 адамды жана 5 үйдү басып калган Сузактагы жер көчкүдөн куткаруу иштери
25.05.2015Фоторепортаж – 6 адамды жана 5 үйдү басып калган Сузактагы жер көчкүдөн куткаруу иштери
05.09.2015Сузактагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 8 үй-бүлөгө курулган үйлөрдүн ар бирине 1,5 млн сом жумшалды (фото)
28.04.2016Сузактагы жер көчкү 9-класстын окуучусун басып калып, кош бойлуу аял куткарылды (фото)
28.04.2016Сузактагы жер көчкүнүн алдында калган өспүрүмдү издөө иштери уланууда (фото)
28.04.2016Сузактагы жер көчкү учурунда кош бойлуу Р.Койчуеваны кошуналары куткарып калышты (фото, видео)
29.04.2016Сузактагы жер көчкүдөн каза болгон өспүрүмдүн үй-бүлөсүнө материалдык жардам бөлүндү
27.05.2016Сузактагы жер көчкүдөн жабыркагандарга облустук милиция жардам көрсөттү (фото)
05.10.2016Сузактагы жер көчкүдөн жабыркаган тургундарга коопсуз аймактан жер берилет
27.01.2017Сузактагы жер көчкү: Кооптуу аймакта жашаган 13 үй-бүлө көчүрүлүүдө (фото)
30.01.2017Сузактагы жер көчкү: Кооптуу аймактагы тургундар жүктөрүн ат, эшек менен көчүрүүдө (фото, видео)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу