Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Сузактын Кыр-Жол айылында 150 орундуу эки кабаттуу мектеп пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-сентябрда Сузак районунун Кыр-Жол айылында Исраил Карабаев атындагы 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мектептин ачылыш аземине вице-премьер-министр Дүйшөн Зилалиев, өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, өкмөттүн аппаратынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча инспектору Атай Алманбетов, аким Эрмек Ормошев катышты.

Маалым болгондой, аталган мектепти курууну элеттиктер өлкө башчысынан жер көчкүдөн жабыркагандардан кабар алган учурда суранышкан. Айылдыктардын өтүнүчү менен былтыркы жылы мектептин курулушу башталып, быйыл бүткөрүлдү. Мектепти «Базар-Коргон айыл курулуш» ААК курган, ага жалпы 33 миллион сом сарпталган. Мындагы мектепте 212 окуучу билим алат, 18 мугалим эмгектенет.

Жергиликтүү тургун Мурат Пайызовдун айтымында, өлкө башчынын убадасы аткарылып, 8 үй-бүлөгө үй курулуп, эми жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат.

Тема боюнча:

25.05.2015Түн ичиндеги жер көчкү 5 үйдү басып калып, 6 адам каза болгон Сузактагы Кыр-Жол айылына гуманитардык жардамдар жеткирилди (фото)
27.05.2015Сузактын Кыр-Жол айылында жер көчкүдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлдү
22.06.2015Жер көчкүдөн жабыр тартышкан Сузактагы кыр-жолдуктарга жаңы турак-жайлар үч бөлмөлүү болуп курулуп баштады (фото)
24.06.2015Кыр-Жол айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга үй курууга 11400000 сом бөлүндү
24.06.2015Президент А.Атамбаев Кыр-Жол айылында жер көчкүдөн жабыр тарткандарга 8 турак үйдү курууга 11,4 млн сом бөлдү
03.08.2015Премьер-министр Кыр-Жол айылынын тургундары үчүн турак-жайлардын курулушу менен таанышты (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 537
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу