Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Ноокенде Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы белгиленип, 30 баатыр эне сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 31-августта Ноокен районунда Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө район акими элди Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы, Курбан айт майрамы жана Билим күнү менен куттуктады.

Ноокен райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сахналаштырылган театралдык көрсөтүү коюлуп, фольклордук топтор ыр, бий тартуулашты.

Мындан тышкары, спорттук иш-чаралар дагы уюштурулуп, волейбол, кичи футбол жана күрөш боюнча мелдештер өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.

Ошондой эле, 30 энеге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 562
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×