Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Видео, фото - Базар-Коргондо Эгемендүүлүк майрамында Үркүн окуясы сахналаштырылды

Turmush -  Базар-Коргон районунун борбордук аянтында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алгач майрамды Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов ачып, калкты Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 26 жылдык майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, мекеме-ишканалардын кызматкерлери дагы куттуктоолорду айтышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында райондун маданият бөлүмү тарабынан Үркүн окуясы сахналаштырылып көрсөтүлүп, концерттик программалар тартууланды.

Белгилей кетсек, райондук деңгээлде өткөн волейбол боюнча спорттук мелдешке катышкан Мамлекттик каттоо жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлери кубок жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 540
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу