Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Видео, фото — Жалал-Абадда вице-премьердин катышуусунда Эгемендүүлүк майрамы белгиленүүдө

Turmush -  Бүгүн, 31-авгутта Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы кызуу белгиленүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык саамалыкка вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаар мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Майрамды утурлай борбордук аянтта жарманке уюштурулуп, жашылча-жемиштер, таттуулар арзан баада сатылууда. Азыркы тапта Эгемендүүлүк майрамга карата даярдалган театрлаштырылган концерттик программа тартууланып жатат. Анда бийлик өкүлдөрү өлкө элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бул майрамды барктап, баалап алуу керектигин баса белгилеп, жергебизге тынчтык, аманчылык, барчылыкты каалашты.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 617
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу