Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө шахтерлордун кесиптик күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында кечээ, 30-августта шахтерлордун кесиптик майрамы белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага шаарда өз кезегинде эмгек өтөгөн, көп жылдык эмгегинин үзүрүн көрүп, учурда ардактуу эс алууда жүргөн шахтачылар жана шаар тургундаргы катышты.

Салтанатка шаардын мэринин милдетин аткаруучу С.Бабатаев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Ошондой эле, Экономика министрлигинин Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн башчысы С.Багышев катышып, ардагер шахтачыларга узун өмүр, үй-бүлөдө бакубатчылыкты каалады.

Салтанаттан соң ардагер шахтачы Аскар Боруев салтанаттын уюштуруучуларына, демилгечи болушкан шаардык мэрияга жана колдоо көрсөткөн мекеме-ишканаларга ак батасын берип, Эгемендүүлүк күнү жана Курман айт майрамдары элди биримдикке, ынтымакка чакырган, өнүгүүгө жол салган майрамдардан болуусуна тилектештигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 407
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу