Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Айыл турмушу: Сузактык И.Кралиев аарынын 4 түрүн багып, жылына 6 тоннага чейин бал алат (фото)

Turmush -  Сузак районунун тургуну Ишенбек Кралиев көп жылдан бери аары багып, бал өндүрүп келет. Аймактык кабарчы балчыдан кабар алды.

И.Кралиевдин айтымында, ал бал өндүрүү менен үй-бүлөсүн багып, балдарын жогорку окуу жайлардан окуткан. Учурда 200гө жакын бал челеги бар.

«Алгач Кара-Алма токой чарбасынын Үрүмбаш токой бөлүмүнө аарычы болуп ишке киргем. Азыр мындагы токой чарба ижарага берилип калды. Бал аарычылык менен эле үй-бүлө багып жатабыз. Москвага барып иштегенден көрө, аарычылыкты колго алса ошол жерден тапкан каражатты бул жерден деле тапса болот. Ал үчүн тынбай эмгектенүү керек. Бир жылы бал жакшы болуп, 6 тонна бал алганбыз. Негизи мен 3 тоннадан 6 тоннага чейин бал алам. Кээ бир жылдары бал жакшы болбой калат. Аны да эске алуу керек. Мал чарбачылыкка караганда аарычылык алда канча жеңил», - дейт И.Кралиев.

Ал белгилегендей, жаздын күндөрү жаан-чачын катуу болгондо гана бир аз кумшекер пайдаланат.

«Балдын түшүмдүүлүгү жакшы болушу үчүн жашиктерди Тогуз-Торо району тараптагы жайлоолорго алып барчумун. Акыркы жылдары өзүбүздүн жайлоодо эле кармап жатам. Негизинен аарынын 4 түрүн кармайм. Гүл ширесин жакшы топтогон аарыларга басым жасайм. Жаз-жай менен топтогон балды алууну каалаган кардарлар көп. Кышкысын бал челектерди калтырып, азыктарын даярдап, айылга түшөм. Аарычылыкты балдарыма да үйрөттүм. Бир балам аскерге барды, тынбай кыймылда жумуш үстүндө чоңойгон үчүн кыйналган деле жок. Тынымсыз кыймылда болуп жүргөн адам аскерде кыйналбаса керек деп ойлойм. Турмушка да бышып калышат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 531
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу