Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Айыл турмушу: Александрдын үй-бүлөсү Ала-Букадагы жайлоодо мал кармап, кымыз, сары май даярдоо менен алек (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Сары-Талаа айылында Александр Глебовдордун үй-бүлөсү жасаган кымыздан сатып алууну каалагандардын саны арбын. Аймактык кабарчы Глебовдордун үй-бүлөсү менен таанышты.

Бул үй-бүлө элеттиктердей эле мал-жандык кармап, жайлоого чыгып, курут, май, кымыз жасашат. Алар жасаган кымыз даамдуу экенин сатып алгандар айтып келишет.

48 жаштагы Александр Глебовдун айтымында, ал акыркы 10 жылдан бери жайлоого чыгууну адатка айландырган. «Бир агам, бир эжем Россияда, карындашым Ошто жашайт. Мен ата-энем менен ушул айылда жашайм. Он жылдан бери жайлоого чыгабыз. 200гө жакын майда жандык, 10дой уй, бээлерибиз бар. Биз атайын кымыз, курут, май сатуу үчүн жайлоого чыкпайбыз. Өзүбүздүн малды жакшылап багып, балдар айран-сүттү кеңири ичсин деген максатта чыгабыз. Кымыз, курут, сары майдан туугандарыбызга беребиз, ашканын сатабыз. Кымыз жасоонун түйшүгү көп, адамдын колун көбүрөөк кармайт. Жылда кымыз жасап сатчубуз. Быйыл кымызды азыраак жасап, кулундар жакшылап чоңойсун дедик», - дейт ал.

Анын жубайы Василиса Сорокина да таң эрте туруп уй саап, очокко сүт жылытып тартып, сары май, чөбөгө жасап, курут тоголоктойт. Жайында уйларынан күнүнө 50 литр сүт саап алса, азыр чөп катып, күз жакындап калгандыктан 25 литрден сүт алууда. Алар жайы менен курут, майды кыш мезгилине камдап, малга тоюттарды даярдап алууга жетишти.

«Жайлоодон түшкөндө мал айылдан бир аз ырагыраак жерде кыштоодо турушат. Мал-жандык көп, айылга алып түшсөң бирөөнүн короосуна, чөбүнө кирет. Балдарыбыз билим алганы ата-энемдин жанына кетишет. Жубайым экөөбүз мал-жандык карап калабыз», - дейт Александр.

Түгөйлөрдүн Алексей, Виктор, Иван аттуу уулдары айылдагы Орозалиев атындагы мектепте билим алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3421
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу